БАЭден Кыргызстанга келген туристтер көбөйдү

08.05.2024, 09:35 Акчабар
БАЭден Кыргызстанга келген туристтер көбөйдү

2023-жылы Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга келген туристтердин саны 26%га өстү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду билдирди.  

Жакынкы Чыгыштан келген туристтерди көл, дарыя, ат менен сейилдөө жана тоодогу жашоо кызыктырат. 

“Бул жылы араб өлкөлөрүнөн келген туристтер Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанды чогуу көрүү саякат сапарларына кызыгышууда”, - дейт фонд.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын туристтик компаниялары БАЭде өтүп жаткан  “Arabian Travel Market” (ATM) көргөзмөсүнө катышууда. 

Тэги: БАЭ туристтер туризм фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу