Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы жети курулуш компаниясына айып пул салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айып пул көрктөндүрүү эрежелерин бузган курулуш компанияларына салынган.
Белгиленгендей, "Престиж Би Центр" фирмасына 17 миң сом, "Техник Трейд" компаниясына 34 миң сом, "Аманат Строй Инвест" курулуш компаниясына 23 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле, Ак-Өргө конушундагы "Шер Курулуш" фирмасына жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн эки протокол түзүлсө, "Борсан Констракшн", "Аю Премиум Строй", "Делюр” компанияларына да эки айып протоколу жазылган.