«Бишкексүт» ишканасынын директорлор кеңешинин курамы бекитилди

29.04.2024, 15:40 Акчабар
«Бишкексүт» ишканасынын директорлор кеңешинин курамы бекитилди

Бишкекте "Бишкексүт" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Жыйында ишкананын өткөн жылдагы ишин бекитүү жана быйылкы жылга пландаштыруу маселелери каралды. 2023-жылдын финансылык жыйынтыгына жана 2024-жылга жылдык бюджетти бекитүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү жана директорлор кеңешинин курамы шайланды. Эсептөө комиссиясынын мүчөлүгүнө Махабат Керезбек кызы, Айнура Атабекова жана Валерия Мегер добуштардын басымдуу көпчүлүгү менен бекитилди.

Кийинки жылга аудитордук уюм катары "Бейкер Тилли Бишкек" ЖЧКсы тандалды. Аудитордук кызматтын баасы 20 миң сомду түздү.

Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө чечими кабыл алынды. Маанилүү жагдай уюмдун уставына өзгөртүүлөрдү бекитүү болду.

Тэги: новости экономика Кыргызстана КФБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу