Бүгүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан “Чоң-Капка автожол” өткөрүү жайында саат 16:00дөн 19:00гө чейин адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек аранын жабылышы техникалык иштерге байланыштуу.
Чек ара кызматы жарандардан сапарларды алдын-ала пландап алууну суранат.