Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “КРнын Улуттук банкынын кирешесин которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Каржы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, экинчи окууда мыйзам долбоору боюнча депутаттардан сунуш түшкөн жок.
Эскерте кетсек, Министрлер кабинети Улуттук банктын 2023-жылы алган кирешесинин 100%ын республиканын бюджетине которууга багытталган сунуш киргизген.
Мыйзамдын демилгечилери бул чара экономикалык секторду өнүктүрүү боюнча демилгелерди каржылоону көбөйтөт деп белгилешүүдө.