«Кыргызкөмүр» ишканасы 8 млн сомду кымырып алган

29.04.2024, 15:32 Акчабар
«Кыргызкөмүр» ишканасы 8 млн сомду кымырып алган

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жеке компания менен сүйлөшүп алып, 8 млн сомду өздөрүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кече кенинен Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү жайга көмүр ташуу боюнча тендер өткөрүүдө мамлекеттик ишкана тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды.

Ташуу боюнча тендер 2023-жылдын жазында өткөнү көрсөтүлгөн. Аудиттин жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

Буга байланыштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Максатбек Молдокматов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча “Серен-Транс” ЖЧКсынын жетекчиси Тилек Жумаев да эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тэги: Кыргызкөмүр мыйзамсыз Кара-Кече көмүр кени

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу