Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат

29.04.2024, 10:00 Акчабар
Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат

Кыргызстанда май айынын аягында биринчи жолу 15 адамдын боорун, төрт кишинин жилик чучугун алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, операциялар президенттин демөөрчүлүк фондунан каржыланат. Башкача айтканда, бейтап донорду өзү таап, операцияга кеткен чыгымды президент төлөйт.

"Буга чейин бейтаптар боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар, Түркияда болсо 75-80 миң долларга чейин каражат жумшалчу. Ал эми жилик чучугун алмаштырыш үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат", - дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле, министр буга чейин өлкөдө 10дон ашык бейтаптын бөйрөгү алмаштырылып, чыгымын мамлекет төлөгөнүн айтты.

Мындан тышкары, Бейшеналиев учурда гемодиализде жаткан 3 миңге жакын адам бар экенин жана көпчүлүгүнө донор табылбай жатканын белгиледи. 

Тэги: боор алмаштыруу трансплантология коомдук саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу