Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 миллион жолу жүктөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары арасында бул тиркеме актуалдуу жана суроо-талапка ээ болууда.
“Түндүк” мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.