Кыргызстан менен Улуу Британиянын соода жүгүртүүсү 92 млн долларды түздү

26.04.2024, 16:34 Акчабар
Кыргызстан менен Улуу Британиянын соода жүгүртүүсү 92 млн долларды түздү

2023-жылдын соңунда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы сооданы өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөндөн бери өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өстү. ЭИКтин жетекчиси белгилегендей, кеңештин ишине кызыккан компаниялардын саны эки эсеге көбөйүп, алардын Улуу Британия менен болгон соода мамилелери алгачкы натыйжаларды бере баштады. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин басма сөз кызматы билдирди. 

2023-жылы Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода жүгүртүү 92 млн доллардан ашты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 287%га жогору. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов бекем өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн биринчи кеңештин маанилүүлүгүн белгиледи. 

Бул мамилелердин алкагында Улуу Британиянын “United Concrete Canvas” компаниясы Кыргызстандын түштүгүндө бетон полотно чыгаруучу заводдун курулушун баштоону пландаштырууда. Ирригация жана сууну үнөмдөө көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоор британ инвестициясынын эсебинен каржыланат. Курулушту баштоо боюнча сүйлөшүүлөр 2023-жылдын ноябрында Кардиффте өткөн.

Британиялык “Populous” компаниясы Кыргызстан үчүн Борбор Азиядагы эң чоң жана эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы улуттук стадиондун долбоорун иштеп чыкты. 

Тэги: новости экономика Кыргызстана МДС Британия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу