Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

26.04.2024, 14:34 Акчабар
Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банкка алдамчылык фактыларына дуушар болгон жарандар кайрылууда. 

Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүнөт.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет. 

Ошондой эле, Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет. Ушул себептен, сак болууну жана алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт. 

Тэги: алдамчылар шылуундар шылуундук КР Улуттук банк алдамчылык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу