Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мамкурулуш тарабынан көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды буздуруу иштери уланууда.
Белгилеп кетсек, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев мыйзамсыз курулуштардын көбү ченемдик талаптарга жооп бербей турганын белгилейт.