Быйыл Орусиянын "кара тизмесине" кирген кыргызстандыктардын саны дээрлик 48 миң адамды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер - 2023" форумунда айтылды.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан аларды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканы маалымдалды.