FINCA Банкы

Банкты баалоо үчүн сиз төмөндөгүлөрдү аткарыңыз Facebook аркылуу катталуу
FINCA Банкы логотип

Банк тууралуу маалымат

Башкы кеңсесиБишкек, ул. Шопокова 93/2
Телефон+996 (312) 44 04 40
Сайтwww.fincabank.kg
E-mailfinca@fincabank.kg

FINCA (Foundation for International Community Assistance), кыргыз тилине которгондо –FINCA Банкы аз кирешеге ээ адамдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана бакубаттуулугун жогорулатууга керектүү болгон продукттарга жана кызматтарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштейт. Ал Латын Америкасында 1985 -жылы негизделген. FINCA  банкы аз камсыз болгон, жакыр адамдардын тобуна күрөөсүз, жеткиликтүү пайыздык ченде  насыя берүү жана алардын бизнес баштоосуна өбөлгө түзүү алардын башкы принциби.

Учурда FINCA International  дүйнөнүн  22 мамлекетинде иштеп,  1 миллиондон ашык кардарларды тейлеп келишет. FINCA башкы кеңсеси Вашингтондо,  Колумбия окуругунда жайгашкан.

FINCA компаниясы Кыргызстанда 1995-жылы  аз камсыз болгон ишкерлерди колдоо, айрыкча аялдардын тобуна насыя берүүчү программасы катары негизделген.  2001-жылы FINCA   кардарларынын  саны  20 000 адамга жеткен. Кредиттик портфели  3 272 782  АКШ долларын түзгөн. FINCA  кеңселери өлкөнүн баардык аймагын камтыган.

2005-жылы FINCA Кыргызстан компаниясы он жылдык мааракесин белгиледи.  Ушул жылы  FINCA  Американын Соода Палатасына мүчө болду.  FINCA компаниясынын  демилгеси менен  Микрокаржылык уюмдардын бирикмеси түзүлдү (АМФО).

2009-жылы компаниянын активдүү насыячыларынын саны   100 миң  кардарга жеткен. 2012-жылы FINCA Кыргызстанда финансалык сабаттуулук боюнча долбоорду ишке киргизишкен.  Эки жыл аралыгында финансалык сабаттуулук боюнча 576 тренинг өтүп, 10 798 адамды окутушкан.   FINCA  Global Money Week (Дүйнөлүк Акча жумалыгына) катышып, окуучулар менен студенттер арасында билим берүү менен катар, окуу куралдарын чыгарып келишет. 

2015-жылдын март айында “ФИНКА МКК” ЖАК банктык лицензияга ээ болуп, “ФИНКА Банк” ЖАК болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк ишмердигин жүргүзүү үчүн толук лицензиясына ээ болуп,   анда банк операциялары чектөөсүз жасалат. Ошондой эле, чет элдик валюталар менен иштөөгөдагы лицензия берилген.  3-марттан тарта   «ФИНКА Банкы» ЖАК  КР Улуттук банкынын коммерциялык банктары боюнча реестрине кирди. 

 

Финансалык көрсөткүч

Аралыктагы актвдери Сентябрь 2023 жылы

13 280 850

миң.сом
Аралыктагы кирешеси Сентябрь 2023 жылы

229 943

миң.сом

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы