Национальный банк КР

Банкты баалоо үчүн сиз төмөндөгүлөрдү аткарыңыз Facebook аркылуу катталуу
Национальный банк КР логотип

Банк тууралуу маалымат

Башкы кеңсесиг.Бишкек, проспект Чуй, 168
Телефон+996 (312) 66-90-11
Сайтwww.nbkr.kg
E-mailmail@nbkr.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамы тарабынан аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун жетишүү жана аны колдоп туруу саналат.

Банктын ишинин максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдет - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгү функцияларды аткарат:

1. Кыргыз Республикасында акча-кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт.;

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат;

3. бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

4. акча белгилериннин эмиссиясын жүзөгө ашырууга өзгөчө укукка ээ;

5. төлөө системаларынын натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшөт;

6. банк системасы үчүн банк операцияларын жүргүзүүнүн жана бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулуктун эрежесин бекитет.

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы