О проекте

Башкы кеңсеси720070, г.Бишкек, пр.Жибек-Жолу, 326
Телефон+996 (312) 67-03-35
Сайтcasa-1000.kg
E-mailnesk@elcat.kg

CASA-1000 долбоору Борбордук Азия энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия – Кыргызстан менен Тажикстанды Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактык ​​комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылып, жайында Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан жана  Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан ушул жылдын февраль айынан баштап CASA-1000 долбоорунун алкагында ЭБЧ курулушун баштоого даяр экендигин билдирди. Алгач жумуштар Баткен облусунан башталып, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улантылат.

Кыргыз Республикасында инфраструктуралык объекттерди Түркиялык MİTAŞ компаниясы курат. Ал компания Эл аралык каржы корпорациясынын жардамы менен төрт мамлекетте тең долбоордун консультант уюму болуп, эл аралык тендер аркылуу тандалып алынган.

Курулуштун башталышы - тарыхый учур. Мунун алдында көптөгөн жылдар бою талкуулар жүрүп олтуруп, бекитилген. Долбоор боюнча сүйлөшүүлөр 2007-жылы башталган, ошондо Кабулда Борбордук жана Түштүк Азия регионалдык электр энергия рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. 2008-жылы Исламабад шаарында төрт мамлекеттин биринчи өкмөттөр аралык кеңеши болуп, анда бир катар негизги чечимдер кабыл алынып, анын ичинде тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга тапшырма берген. Документти иштеп чыгуу 2011-жылга чейин созулган. Даяр болгондо, анын бардык катышуучуларына - Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстанга CASA-1000 долбоорунун ишке ашырылышы төрт мамлекетке тең  пайдалуу экени белгилүү болду.

CASA-1000 долбоорунун коммерциялык эксплуатациясы бардык керектүү инфраструктуралар бүтүрүлгөндөн кийин,  эки жылдан кийин ишке берилет. Ага чейин катышуучу өлкөлөр тарабынан жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдары тартылып, Тажикстан менен Пакистанда конвертордук көмөк чордондор курулуп бүтүрүлүшү керек.

Белгиленгендей, ЭБЧнын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы (узундугу 455 чакырым) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтөт, “Датка” көмөк чордонунда ушул ЭБЧ үчүн атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн башталып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен аймактары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин созулат. Электр берүү чубалгысынын көпчүлүк бөлүгү көрсөтүлгөн үч облусттун калкы сейрек жашаган аймактарын кесип өтүп, болжол менен чубалгынын курулуш маршрутуна жакын жайгашкан 25 калктуу конушту аралап өтөт.

Долбоорду иштеп чыгууда ЭБЧнын айлана-чөйрөгө жана адамдарга тийгизген таасирин изилдөөгө  - “Айлана чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирди баалоого” (АСЧТБ) эбегейсиз эмгек арналган. Документтин негизги тыянактары - ЭБЧнын курулушу менен байланышкан айлана-чөйрөгө тийгизген таасири кыска мөөнөттүү болот жана аларды кулуштун заманбап мыкты ыкмаларын колдонуу менен азайтууга болот. Электр берүү чубалгыларынын жергиликтүү тургундарга тийгизген таасирин азайтуунун бир жолу - бул туурасы 90 метр болгон курулуш коридорунун аныкталышы жана бул аймакта эч кандай үй чарбаларынын болбошу керек. Кыргызстанда жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын тартуу үчүн санитардык-коргоо зоналары орнотулган.

Ушуга байланыштуу, долбоорду аткаруучу агенттик “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тургундарды көчүрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. “КУЭТ” үй чарбалары бошотулууга тийиштүү жашоочулар менен тыгыз байланышта көчүрүү боюнча иш-аракеттердин планын даярдады. Ошол эле учурда, көчүрүү саясатынын негизги компоненти болуп, андан мүмкүн болушунча алыс болуу эсептелет. Жерди алып коюу жана адамдардын мүлкүн бузуу муктаждыгын азайтуу максатында, ЭБЧ маршрутунун эң оптималдуу варианты кабыл алынып, ал долбоор айлана чөйрөгө жана адамдарга тийгизген таасирди минималдаштырды. 

Курулуш аяктагандан кийин, электр берүү чубалгыларынын коргоо зонасы деп аталган ченемдерди бузбастан, ЭБЧнын жанындагы жана астындагы жер тилкелерин айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, мал багуу жана жаюу, социалдык инфраструктураларды куруу үчүн пайдаланса болорун талдоо көрсөткөндүгүн кошумчалайбыз.

Пайдаланууга берилгенден баштап, төрт мамлекетте тең (Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан) ЭБЧнын боюнда жайгашкан жергиликтүү жамааттар ар бир экспорттолгон киловатт-сааттан 0,1 цент түрүндөгү чегерүүлөрдү алышат: Ооганстанга - 50% жана Кыргызстанга - 50%, Тажикстанга менен Пакистанга бирдей өлчөмдөгү жардам берилет. Бул каражаттардын бөлүнүшү региондорду өнүктүрүү үчүн CASA-1000 долбооруна катышкан өлкөлөрдүн макулдашуусу менен каралган. Бирок, жардам муну менен эле токтобойт.

CASA-1000 жергиликтүү жамаатты колдоо долбоору (ЖЖКД) өлкөбүздөгү максаттуу айылдардын жашоочуларын жергиликтүү деңгээлде пландаштырууга, чечим кабыл алууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана инвестицияларды баалоого катыштырууга, ошондой эле потенциалды арттыруучу иш-чараларды жүргүзүүгө негизделген. CASA-1000 ЖЖКД Кыргыз Республикасында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (КӨИА) тарабынан Ага Хан Фонду менен биргеликте ишке ашырылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 77 калктуу конушту (36 айыл аймагы жана 5 шаар) камтыйт.

Жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорун каржылоонун жалпы суммасы 11 миллион долларга бааланып, анын 10 миллион доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан, ал эми 1 миллион каражат Көп тараптуу трасттык фонду тарабынан бөлүнүп берилген. Долбоордун ишке ашырылышы үч багытта жургүзүлүүдө: электр менен камсыздоону жакшыртуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келүүчү объекттерди каржылоо. Коомчулуктун мүчөлөрү артыкчылыктуу багыттарды өз алдынча аныкташат, гранттар боюнча чечимдерди кабыл алышат, айылдык долбоорлорду жүзөгө ашырууга жардам беришет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөшөт.

ЭБЧга жакын жайгашкан бардык айылдар электр берүү чубалгыларынын жакындыгына, ошондой эле калктуу конуштун көлөмүнө жана анын муктаждыгына жараша тигил же бул колдоого ээ болушат:

  • ЭБЧдан 1,5 км алыстыкта ​​жайгашкан айылдар, айылдын электр энегиясы менен камсыздалышы жана инфраструктурасынын жакшыртылышы үчүн чакан гранттарга;
  •  ЭБЧнын таасири астында калган коридордун бардык айылдык аймактары, айрыкча жаштар киреше алып келүүчү объекттерди курууга колдоо алышат.

Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен конкурстук негизде тандалып алынган 30 объекттин каржыланышы пландаштырылууда.

КӨИА (АРИС) адистери калктын муктаждыктарын талдоо максатында жергиликтүү тургундарды социалдык мобилизациялоо боюнча кеңири өнөктүк жүргүзүшкөн. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен COVID-19 инфекциясын жайылтпоо максатында, жамааттар менен иштөөгө өзгөртүүлөр киргизилди. КӨИА (АРИС) кызматкерлери долбоорду ишке ашырууда майнаптуулукка жетишүү үчүн ишмердүүлүгүн жаңы чакырыктарга жана шарттарга ылайыкташтырат. Дүйнөлүк банктын жардамы менен онлайн-платформа иштелип чыгып, ал бенефициарлардын талкуу аянтчасына айланды. Ал аянтчада сиз жергиликтүү жашоочулар үчүн актуалдуу болгон чакан долбоорлорду тандап алуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча өз пикириңиз менен бөлүшсөңүз болот жана жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорун (ЖЖКД) ишке ашыруу боюнча видео жана аудио билдирүүлөрдү калтыра аласыз. Жалпысынан алганда, жамааттарда социалдык мобилизацияны жүргүзүүдө инновациялык IT - технологиялар жана максаттуу топтор менен иштөөнүн салттуу (жолугушуулар, тегерек столдор, угуулар) ыкмаларынын айкалышы бар. Албетте, андай учурларда санитардык нормалар жана социалдык дистанциялар толук сакталат. 

Азыркы учурда биринчи багыт боюнча - электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу боюнча ар бир калктуу конуштагы иштин көлөмү аныкталды. Жаңыдан куруу жана оңдоо иштери «Ошэлектро» жана «Жалалабатэлектро» ААК тарабынан жүргүзүлүп, андан ары ушул уюмдардын балансына өткөрүлүп берилет. Баса, долбоор аяктагандан кийин эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө иштери аталган ишканаларга  жүктөлөт.

Ушул жылдын экинчи кварталынан баштап КӨИА (АРИС) жамааттарда экинчи багыт боюнча - социалдык инфраструктураны өркүндөтүү боюнча иштей баштайт. Ал эми 2021-жылдын экинчи жарымында үчүнчү багыт - киреше алып келүүчү объекттерди каржылоо жигердүү ишке ашырылат. CASA -1000 Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбооруна аялдарды жана жаштарды тартууга өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард долларды түзөт, анын 185 миллион доллары, донорлор - Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланган Кыргызстандын бөлүгүн түзөт.

Каржылоо 25 жылдан 40 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шартта берилгендигин белгилей кетүү керек. Бирок, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоонун эсебинен 15 жыл ичинде бардык инвестицияларды кайтарып алууну пландаштырууда.                       

Май айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанда иштелип чыккан жайкы электр энергияны жыл сайын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоо орто эсеп менен 500 миллиондон 1,5 миллиард киловатт-саатты же жалпы көлөмдүн 40% түзөт. Калган 60% - Тажикстандан экспорттолот. Демек, Кыргызстандын жашоочулары электр энергиясынын жетишсиздигин сезишпейт. Ички керектөөчүлөрдүн суроо-талабы биринчи орунда болот.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын өндүрүүчү компаниясынан экспорттолуучу электр энергиянын тарифи  Пакистан үчүн 5,15 АКШ цент / кВт.саатты, Ооганстан үчүн 5,10 АКШ цент / кВт саатты түзөт. Андан тышкары, тарифте Пакистан үчүн 4,26 АКШ цент / кВт саат жана Ооганстан үчүн 3,01 АКШ цент / кВт саат каралган, бул  каражаттар CASA-1000  трассасына  жакын жайгашкан жамааттарды өнүктүрүү фондусуна, насыяларды төлөөгө, энергетикалык объекттерди иштетүүгө жана башкаларга пайдаланылат.

Түштүк Азияга электр энергия жеткирүү боюнча Кыргызстандын милдеттенмелери эки деңгээлге бөлүнгөндүгүн белгилей кетүү маанилүү. Биринчиси, кепилденген экспорттун минималдуу көлөмү, ал эми экинчиси деңгээлге ылайык электр энергиясынын кошумча көлөмү.  Зарылдыгы болгондо, республика бул көлөмдөрдү жылдарга бөлүштүрө алат. Мисалы, биринчи жылы Кыргыз Республикасы Пакистан менен Ооганстанга 377 млн ​​кВт/саатты жеткириши керек, мүмкүнчүлүк болсо дагы 881 млн. кВт.с. биринчи жылы экспорттолот, эгер мындай мүмкүн болбогон учурда, электр энергиясынын белгиленген көлөмү экинчи же үчүнчү жылга которулат ж.б.

Кыргызстан үчүн долбоордун негизги пайдасы – бул жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон болжол менен 80 млн. доллар пайда көрүү.  Бул сумма ички керектөөчүлөр үчүн баанын калыптанышына таасир этпеген, республика үчүн ыңгайлуу болгон тарифтен турат. Ал бардык салымдарды гана жаппастан, жогорку киреше берери дагы күтүлүүдө.

Эске салсак, өлкө ичинде калк үчүн электр энергиясынын баасы 1 киловатт саатка 0,77 сомдон 2,16 сомго чейин орнотулган. АКШ валютасы менен эсептегенде  жогорку босого 0,025 доллардан төмөн. Мындай тарифтик саясат менен энергетикалык объекттерди модернизациялоо, айрыкча жаңы кубаттуулуктарды куруу мүмкүн эмес. Бул республиканын эгемендүүлүгүнүн бүткүл тарыхындагы энергетикалык тармактагы биринчи коммерциялык пайдалуу долбоор. Долбоор Кыргызстандын энергетика тармагынын инфраструктурасын жаңыртууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Башкы макулдашууга ылайык, CASA-1000 долбоорунун коммерциялык иши башталгандан тартып 15 жыл иштейт, бирок энергия эркин болсо, ал мөөнөтсүз болуп калат. Ушуга байланыштуу жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу зарылдыгы келип чыгууда. Тармактын эксперттери энергетикалык долбоор Кыргызстанга жаңы СЭЧтерди анын ичинде чакан суу электр чордондорун курууга кызыкдар инвесторлорду тартат деп ишенишет. Бул божомол Түштүк Азиядагы электр энергиясына болгон жана туруктуу өсүп жаткан суроо-талапка, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы ресурстардын наркындагы айырмачылыктарга негизделген.

Демек, CASA-1000 долбоорунун узак мөөнөттүү иштешинин келечеги бар, ошондой эле өлкө үчүн дагы, жергиликтүү жамаат үчүн дагы жеңилдиктер болот.

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы