1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт

25.06.2020, 15:20 Акчабар
1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт

1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө мурда берилген эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш.

КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүп жаткандыгына байланыштуу бул жол-жобону аткаруу зарыл.

Электрондук эсеп-фактураларды толугу менен кеңири колдонуу үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл жана андан кийин электрондук эсеп-фактураны колдонууга болот.

Ал эми 1-июлга чейин электрондук эсеп-фактураларды тариздөөнү үйрөнүү үчүн www.testesf.salyk.kg тесттик аянтчаны пайдаланууга болот.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну пландаштырган салык төлөөчүлөр Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы «Электрондук эсеп-фактура» бөлүмүнөн маалыматтык системаны колдонуу, пакеттик жүктөө/көчүрүп алуунун форматы жана башка зарыл болгон материалдар, анын ичинде суроо-жооп форматындагы түшүндүрмөлөр менен тааныша алышат.

Электрондук эсеп-фактура бизнестин ак ниеттик белгилеринин бири жана көмүскө экономикага жана мыйзамсыз ишмерликке каршы турууда маанилүү түзүүчү болуп саналат.

Тэги: июль салык кызматы электрондук эсеп фактура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу