Свердлов районунун жумуштуулук Борбору 1 миң 648 жашоочуну жумуш менен камсыз кылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Свердлов районунда жумушка орноштуруу жана вирустук ооруларды алдына алуу маселелери талкууланды.
Былтрыр аталган борбор 2 миң 500дөн ашуун район жашоочуларын жумуш менен камсыз кылган. Андан сырткары, борбордун командасы 537 жаранды окууга жиберген, ал курстарды аяктагандан кийин дагы 349 адам жумушка орношкон. Негизинен жарандар чач-тарач, ашпозчу, электрик жана бухгалтер болушат.
Свердлов районунда 283 миңдей адам жашай тургандыгы айтылууда.