Акыркы 10 айда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 млрд сомду түздү

02.12.2019, 11:28 Акчабар
Акыркы 10 айда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 млрд сомду түздү

Ушул жылдын январь-октябрында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 125,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, республикалык бюджеттин кирешелери — 109,9 миллиард, жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 17,8 миллиард сомду түздү.

«Көрсөтүлгөн мезгилде мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 128,5 миллиард сомго, республикалык бюджеттен — 114,3 миллиард сомго, жергиликтүү бюджеттерден — 16,4 милилард сомго төлөөлөр жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

10 айдын жыйынтыктары боюнча, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 миллиард сомду, республикалык бюджеттин тартыштыгы — 4,4 миллиард сомду түздү. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттер 1,4 миллиард сом суммасында профицит менен аткарылды.

Тэги: бюджет 10 ай мамлекеттик бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу