14 азык-түлүктүн баасын көтөрүүгө чектөө киргизилди — тизме

16.03.2020, 16:00 Акчабар
14 азык-түлүктүн баасын көтөрүүгө чектөө киргизилди — тизме

Кыргызстандын өкмөтү азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын айрым түрүнө бааны көтөрүүгө чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкка социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 «Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып токсон календардык күндөн ашпаган мөөнөткө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык баалардын максимумдук деңгээлин белгилөө менен мамлекеттик жөнгө салуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей Евразия экономикалык комиссиясын белгиленген тартипте кабарласын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Азык-түлүктөрдүн тизмеси:

1. Ун

2. Нан

3. Пастерленген сүт, майлуулугу 2,5-3,2%

4. Тамак-аш майы

5. Каймак майы

6. Эт (уй, кой, чочко эти)

7. Кумшекер

8. Күрүч

9. Ун азыктары

10. Жумуртка

11. Картошка

12. Көмүр

13. Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизел майы

14. Суюлтулган газ.

Тэги: 14 азык-түлүк баа тизме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу