2019-жылы 150 млн кВт/саатка аз электр энергия колдонулган

10.03.2020, 12:30 Акчабар
2019-жылы 150 млн кВт/саатка аз электр энергия колдонулган

2019-жылы «Түндүк электр» АККсынын абоненттеринин электр энергия колдонуусу 150 млн кВт/саатка азайды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында "Түндүк электр" ААКсынын башкы директору Искендер Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, аба ырайы жакшы болгонуна байланыштуу электр энергиясын колдонуу да азайган.

«Электр энергиясын колдонуу 150 млн кВт/саатка азайды. Аны акчага которуп эсептегенде мурунку жылга караганда болжол менен 225 млн сом алынбай калды»,— деди ал.

Ал белгилегендей, 2013-жылдан бери ишкана чыгашалуу болуп келген. Бирок 2019-жылы алар кирешеге чыгып, ал 11 млн сомду түзгөн.

Тэги: 150 млн кВт/саат түндүк электр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу