2019-жылы 161 миң 700 балага «сүйүнчү» берилген

03.03.2020, 15:00 Акчабар
2019-жылы 161 миң 700 балага «сүйүнчү» берилген

2019-жылы «балага сүйүнчү» 161 миң 700 балага берилди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Ал эми быйыл жыл башынан бери «сүйүнчү» 2 миң 559 балага берилген. Ага 10 млн 374 миң сом бөлүнгөн.

«2019-жылы «балага сүйүнчү» 161 миң 700 балага берилген. Ага 650,3 млн сом бөлүнгөн», - деди ал.

Ал белгилегендей, 2018-жылы «балага сүйүнчү» 90 миңден ашык балага берилип, жалпы «сүйүнчүнүн» суммасы 365,8 млн сомду түзгөн.

Балдарга берилүүчү сүйүнчү пулдун өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

 

 

Тэги: наристе сүйүнчү пул мамлекет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу