Кыргызстанда 190 мектеп авариялык абалда

16.09.2019, 13:26 Акчабар
Кыргызстанда 190 мектеп авариялык абалда

Кыргызстандагы объектилерди каржылоо “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 75% түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги ЖКнын каржы жана бюджет комитетине билдиришти. 

 “Бул жылы июнь айында авариялык абалдагы мектептердин саны тизмектелген. Мыйзамга ылайык, бир айдан соң тизмекке катталган мектептерди кабыл алуу керек болчу. Убакытты текке кетирип жатасыздар. Мындай окуя жылдан-жылга кайталанууда” – деп белгиледи депутат. 

Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы контейнер-мектепти кошкондо өлкөдө дагы канча контейнер билим берүү мекемеси бар деген суроосуна, КР Билим берүү ждана илим министрлиги мындай контейнер мектеп Кара-Суу жана Нарын райондорунда бар экенин жана палатада билим алган окуучулар дагы бар экенин билдирди. 

Мектепти курууга Сауд фонду бөлгөн 30 млн.$ макулдашуу эмнеге ишке ашпай жатат?” – эл өкүлү. 

Буга жооп катары Билим берүү министрлигинин стат-секретары Самат Бөрүбаев чечүүчү компанияларды тандоодо кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.

 “Биринчи компания менен болгон келишим жокко чыккан, азыр экинчи компания менен иштеп жатабыз. 27 мектеп курулат” – деп билдирди Бөрүбаев. 

Республика боюнча 190 мектеп авариялык абалда, курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине 13 млрд. сом керектелет. 

 

Тэги: образование Кыргызстан экономика школы госфинансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу