2020-жылдын 5 айында 40,3 млрд сомго кредит берилген

01.07.2020, 15:50 Акчабар
2020-жылдын 5 айында 40,3 млрд сомго кредит берилген

2020-жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Бул тууралуу өкмөт башчы мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты. ​

 

 

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Кредит берүү көлөмүн кыскаруу себептеринин бири коронавирус инфекциясынын кесепеттери болуп саналат. Ошону менен бирге коммерциялык банктардан кредит алуу процедураларынын татаалдыгын белгилей кетүү керек. Бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот», - деди Кубатбек Боронов.

Тэги: коммерциялык банк сумма млрд сом мамлекеттик банктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу