2021-жылы бюджеттин кирешеси 163 млрд долларга толтуруу пландалган

25.11.2020, 16:10 Акчабар
2021-жылы бюджеттин кирешеси 163 млрд долларга толтуруу пландалган

Кыргызстандын 2021-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 163 млрд сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 25.9 млрд сомго жогорулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков маалымдады.

Анын айтымында, 2021-жылы салык кирешеси 125.1 млрд сомду түзөт жана 2021-жылы  28.2 млрд сомго жогорулайт. 2020-жылы салык кызматынын кирешеси 72.7 млрд сомду түзгөн, ал эми Бажы кызматыныкы — 52.3 млрд сомду түзгөн.

Салык эмес кирешелердин көлөмү 24.2 млрд сомду түзүүсү пландалууда. Официалдуу трансферттер 654 млн сомго жогорулайт жана 13.7 млрд сомду түзөт. Муну менен катар бюджеттин чыгаша бөлүгү 170 млрд сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2.7 млрд сомго төмөндөйт.

 «Киреше салыгынын өсүшүнө карабастан, биз бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтпөйбүз. Муну менен катар 2020-жылга карата дефицитти кыскартабыз», — деп билдирген Новиков.

Андан сырткары, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн коммерциялык банктардын ставкаларын субсидиялоого 850 миллион сом берилет.

 

  • Экономиканы санариптештирүүгө — 500 млн сом;
  • МИК линиясы аркылуу мамлекеттик ипотеканы өнүктүрүүгө — 500 млн сом;
  • Чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн — 100 млн сом;
  • Медиктердин компенсациясы үчүн — 500 млн сом.

 

Тэги: бюджет киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу