Бишкекте “Жашыл экономика-2021” форуму жана “Жашыл ЭКСПО 2021” көргөзмөсү өттү. Глазгодо өткөн БУУнун Климат боюнча 26-саммитинин соңунда өткөн иш-чарада Кыргызстандын бул тармактагы түрдүү маселелер көтөрүлдү.
Форум 2021-жылы жеке секторду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жыйынтыктоочу иш-чара болду. Ага мамлекеттик органдардын, жеке жана каржы секторунун, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү программаларынын өкүлдөрү катышты.
“Жашыл экономиканы өнүктүрүү 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясына жана 2026-жылга чейинки өнүктүрүү программасына киргизилген. Кыргызстан 2030-жылга чейин парниктердин абага бөлүнүшүн 44 пайызга кыскартуу милдетин алды. Ал эми биз 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жеткибиз келет келет. Тапшырма татаал, бирок аткарыла турган иш”, - деди форумдун ачылыш аземинде Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов.
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен БУУӨП республиканын парниктик газдарды чыгарууну кыскартуу боюнча чечимдерин жогору баалай турганын баса белгиледи.
“БУУӨП Кыргызстандын 2025-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын 16,63 пайыз, 2030-жылга чейин 16 пайыз жана 2050-жылга чейин нөлгө жеткирүү боюнча стратегиялык жана амбициялуу чечимин жогору баалайт. Кеп атайын экономикалык өсүш жөнүндө болуп жаткандыктан, Кыргызстандын аз көмүртектүү экономикасын жеке сектор куруу керек”, - деди Луиз Чемберлен.
Өз кезегинде ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Жоодар Омошов бизнес-ассоциациялар, анын ичинде ЖИА өкүлдөрү болгон жеке сектор жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экендигин билдирди.
“Биз өкмөт, эл аралык уюмдар жана бизнес менен биргеликте бул тармакты өнүктүрүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө экономиканы туруктуу өнүктүрүү приоритеттүү болуп саналат”, - деп белгиледи Жоодар Омошов.
Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ага ылайык “Жашыл экономика – 2021: Туруктуу бизнести өнүктүрүү үчүн чакырыктардан мүмкүнчүлүктөргө чейин” форумунун катышуучулары төмөнкүлөрдү зарыл деп эсептешет:
Ошондой эле иш-чарада Green Expo 2021 көргөзмөсү болуп өттү. Анда 38 компания жана уюм өз кызматтарын жана өнүмдөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар жеке жана каржы секторунун, ошондой эле консультациялык колдоо көрсөткөн жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган эл аралык жана жергиликтүү өнүгүү программаларынын өкүлдөрү болушту.
“Чынын айтсам, көргөзмөгө жана форумга мынчалык көп компания катышат деп күткөн эмесмин. Жашыл экономикага өтүү жаңы технологиялардан тышкары, саясий кадамдарды жана калктын – керектөөчүлөрдүн адаттарын өзгөртүүнү талап кылат”, - дейт Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Торге Маттизен.
Кыргызстан үчүн жашыл экономикага өтүү маанилүү, анткени мөңгүлөрдүн эриши жана жер ресурстарын сарамжалсыз пайдалануунун кесепеттерин өлкө гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагы сезет.
“2023-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бар, анда айыл чарбага өзгөчө көңүл бурулат. Бизде калктын 40% айыл чарбасы менен алектенет. Бүгүн биз дыйкандар жашыл технологияларды колдонуп, энергияны, сууну үнөмдөө жана зыяндуу газдарды азайтуу, жаратылыш ресурстарын үнөмдөө фактылары бар экенин көрсөткүбүз келет”, - дейт Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев.
Форумда ар бир жарандын таза жана экологиялык чөйрөгө болгон конституциялык укугу жана бул максаттарга жетүү үчүн бардык тараптардын күч-аракетин бириктирүү маанилүүлүгү баса белгиленди. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктап, дени сак чөйрөдө жашоо ар бир адамдын укугу экенин эскертти.
“Бүгүнкү иш-чара өзгөчө маанилүү, анткени ишкерлер Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жана мамлекеттердеги адамдардын жашоосун жакшыртууда негизги ролду ойношот”, - деди ал.
Белгилей кетсек, жашыл экономика форуму Бишкекте алтынчы жолу өтүп жатат. Ал ишкерлер, эл аралык жана жергиликтүү өнүгүү программалары, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн актуалдуу аянтча болуп калды.