Президенттин иш башкармалыгы 40 унааны акимдерге тапшырат

12.08.2021, 15:00 Акчабар
Президенттин иш башкармалыгы 40 унааны акимдерге тапшырат

Президенттик администрация автотранспорт бирикмеси эмне үчүн 60 миллион сомго автоунаа сатып алууга тендер жарыялаганын түшүндүрдү.

Билдирүүгө ылайык, автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Президенттик администрациядагылар аймактарда акимдердин масштабдуу ротациясы жүргүзүлгөндүгү боюнча президенттин жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндөгү жарлыгына таянышыууда.

Ага ылайык, акыркы жолу акимдер үчүн кызматтык унаалар 13-15 жыл мурун сатылып алынгандыгы белгиленди. Маалым болгондой, алар техникалык жактан көп жыл мурун эскирген. Бүгүнкү күндө алардын көбү үзгүлтүксүз оңдоону жана ошого жараша республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылат.

Эске салсак, буга чейин "Акчабар" президенттин иш башкармалыгы 40 автоунааны 60 миллион сомго сатып аларын жазган.

 

Тэги: экономика управление делами президента акимы госзакупки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу