«Бакубат Талас» Фонду фермерлерге 40 миң литр күйүүчү май алып берет

26.03.2021, 12:30 Акчабар
«Бакубат Талас» Фонду фермерлерге 40 миң литр күйүүчү май алып берет

Талас районунун акимдерине 40 миң литр күйүүчү май алуу үчүн сертификат жана талондор берилди. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн фермерлерге «Бакубат Талас» Фонду колдоо көрсөттү. 

 

Белгиленгендей, облустун 800дөй аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү 50 литрден күйүүчү май менен камсыз болушат. 

Фонд «Алтын Альянс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү тарабынан түптөлгөн жана Талас облусундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштерди алып барат. 2016-жылдан тарта фонд 341 долбоорду ишке ашырды. 

 

Бул убакыт аралыгында «Алтын Альянс» фондду 600 млн сомго жакын каржылаган. Анын ичинен 220 млн сом социалдык долбоорлорго, 380 млн сом - региондогу ишкерлерди жана фермерлерди колдоо үчүн жумшалган. 

Тэги: күйүүчү май тендер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу