700 миң сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген тамеки аныкталды

19.02.2020, 16:00 Акчабар
700 миң сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген тамеки аныкталды

Жапалак айылында баасы 700 миң сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы Жапалак айылында Ш. уулу Б. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Даймлер-Крайслер-Е240» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 700 000 сомдук акциздик маркасы жок төмөнкү тамеки продукциялары табылган:

  1. «CAVALLO Black Velvet» (акциздик маркасы жок);
  2. «CAVALLO Vulcano Red» (акциздик маркасы жок);
  3. «Rothmans» (Тажикстандын акциздик маркасы менен).

Баардыгы 10 000 боо (200 000 даана).

Кармалган товардын орточо базар баасы 700 000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

 

Тэги: 700 миң сом тамеки аныкталды Аткезчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу