9-ноябрга карата күйүүчү майдын баасы жогорулады

09.11.2020, 11:00 Акчабар
9-ноябрга карата күйүүчү майдын баасы жогорулады

Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 9-ноябрь күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы 0,21% жогорулады. 

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 32, 4 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 33, 17 сомго, суюлтулган газ - 24, 1 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 31, 9 сомду, АИ-95 - 36, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 42, 4 сом менен жана Bishkek Petroleum 47, 9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 32, 3 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

- «Партнер Нефть» - 23, 9 сом менен;
- Bishkek Petroleum - 23, 9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 24, 5 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай). 

Тэги: АИ - 92 күйүүчү май орточо баасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу