Абылгазиев: Курулуш тармагы өлкө ИДПсынын 29%ын түзөт

16.01.2020, 16:30 Акчабар
Абылгазиев: Курулуш тармагы өлкө ИДПсынын 29%ын түзөт

Курулуш тармагы өлкө ИДПсынын 29%ын түзөт. Бул тууралуу 2019-2023-жылга карата КР курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын презентациясында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал белгилегендей, эгер өлкө ИДПсы 600 млрд сом болсо, курулуш тармагына 172 млрд сом туура келет.

«Биз өлкө экономикасындагы курулуш тармагынын маанисин көрүп турабыз. Бүгүн биз курулуш тармагындагы стратегияны кабыл алуудабыз. Анын негизги максаты, бул тармактагы маселелерди чечүү, мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана инвесторлорду тартуу», - деди ал.

Анын айтымында, курулуш тармагында коррупциялык механизмдерди жана кедергилерди жоюш керек. Алсак, ал уруксат берүүчү документтердин берилишин жеңилдетип, аларды берүү мөөнөтүн кыскартуу зарыл экенин айтып өттү.

«Мурда уруксат кагаздарын алуу 6 айдан 2 жылга чейин созулчу. Учурда 1 ай ичинде алууга болот», - деди ал.

Тэги: Абылгазиев курулуш ИДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу