Абылгазиев: Пенсия, жөлөкпул боюнча маселе жаралбайт

19.03.2020, 12:00 Акчабар
Абылгазиев: Пенсия, жөлөкпул боюнча маселе жаралбайт

Пенсия, жөлөкпул боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Ал коронавирус байаныштуу түзүлгөндөн кырдаалдар улам бюджеттеги айрым чыгымдар кыскартыларын, бюджеттик мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди.

«Пенсия, жөлөкпул, айлык, социалдык тармакка каралган багыттар боюнча маселе жаралбайт», - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген

Тэги: Абылгазиев пенсия жөлөк пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу