Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы Россиянын ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, орус бийлиги берүүчү каражаттарды талкууга алды.
Өкмөт башчысы кыргыз-орус кызматташтыгына терен маани берерин билдирди.
«Россия биз үчүн стратегиялык өнөктөш», —деп билдирди ал.
Абылгазиев президенттин расмий визитинен тышкары соода-экономика боючна кыргыз-орус 21-өкмөттөр аралык комиссия сегизинчи эл аралык конференция дагы ийгиликтүү аяктаганын билдирди.
«Жакын арада РФ өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин Чолпон-Атага иш сапары менен келип, Евразия өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынына катышат. Учурда кыргыз-орус кызматташтыгы күчөп жатат », — деп билдирди премьер-министр.
Россиянын президентинин расмий визити маалында 53 документке кол коюлуп, $6 млрд каржылоо чечилген.
Учурда келишимдердин аткарылыш боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.
Мындан тышкары премьер-министр кыргыз тарап 2020-жылы Кыргызстандагы Россия ал эми Россиядагы Кыргызстан жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу баардык иш-чаралардын деталдык пландарын иштеп чыгып жатканын билдирди.
Кыргызстандагы Россиянын элчиси Николай Удовиченко дагы кыргыз-орус мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал өзү тараптан келишимдердин сапаттуу аткарылышына салымын кошоорун билдирди.
Жолугушуу маалында соода-экономикалык, илимий-гуманитардык, маданий кызматташуу тууралуу сөз болду.