Россиянын «Аэрофлот» жана башка авиакомпаниялары Грузияга учпайт

24.06.2019, 09:00 Акчабар
Россиянын «Аэрофлот» жана башка авиакомпаниялары Грузияга учпайт

Россиялык авиакомпаниялар Грузияга учпайт. Тыюу салуу 2019-жылдын 8-июлунан тарта башталат. Мындай буйрукка  РФ президенти Владимир Путин кол койду. Бул тууралуу  Кремлдин расмий сайтында жагаштырылган.

Мындай чечим РФ жарандарын коргоо максатында кабылалынган деп жазылат маалыматта.  Анткени, Тбилиси шаарында  20-июндан  тарта Өкмөттөр аралык Правословия ассамблеясында орус делегаттарына кашы акциялар өтүүдө. 

Сессиянын ачылышында чыр чыккан. Анда Россиянын депутаттар делегациясын жетектеп барган Сергей Гаврилов грузин парламентинин төрагасынын ордун ээлеп алганы, чырдын чыгышына себеп болгон. Бирок, бул протокол боюнча ушундай чечилген деп билдирди орус тарап. Ага карбай, оппозиялык партиянын депутаттары сессияны үзгүлтүккө учуратып, орус делегациясын сыртка чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Гаврилов  жана баардык орус делегаттары коркунуч туулгандан улам, Грузиядан дароо чыгып кетишкен.

Баш-аламандыктан 300 адам кармалып, бирнчикүнкү кагылышта 240 жаран жабыр тарткан. 

«Туроператорлор менен турагенттиктерге тыюу салуу маалында Грузияга билет сатуудан карманууга чакыруу жасалды.  Мындан тышкары Владмир Путин Грузиядагы орус жарандарын жана алардын жүктөрүн Россияга ташып келүүгө өкмөткө тапшырма берди», — деп жазылган документте.

Азырынча, Грузия менен авиа катамдарды «Аэрофлот», «Победа», S7, «Ураль авиалиниялары», Utair  аркылуу жүргүзүлдүүдө. 

Путиндин басма сөз катчысы  Дмитрий Песков тыюу салуу аргасыз жасалган аракет деп жарыялады. 

Россия жарандарына Грузияга барууга тыюу салуу 8-июлдан тарта күчүнө кирип баштайт.

Тэги: авиакомпании Грузия Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу