Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев 2020 - жылдын 10 - февралында Жогорку Кеңештин жыйынында 2020 - жылдагы жазгы талаа жана чарба иштери тууралуу маалымат берди.
Министрдин берген маалыматына караганда, Кыргызстандын дээрлик 97 % айыл-чарба продукциясы жеке секторлор аркылуу өндүрүлөт.
Анын ичинен 600 мамлекеттик жана жеке айыл-чарба ишканалары. Андан сырткары, дээрлик 3 миңден ашуун жеке фермерлер бар деп билдирди министр.
Маалыматка ылайык, 3 жыл ичинде кызылча, кукуруза жана картошканын өндүрүш көлөмү жыл сайын өсүп жатат. Андан сырткары, айдоо жерлер пайдаланууга берилип, жакшыртылууда.
2019 - жылдын жыйынтыгына ылайык, айыл чарбанын дүң продукциясы 220 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен 103,9 млрд сом мал жандыктан алынган азыктардан келип түшкөн.
Айыл чарба өндүрүшүнүн көпчүлүгү Чүй облусунда жана Жалал-Абад, Ош облустарында өндүрүлгөн.