Айыл чарба министрлиги: 11 ай ичинде 37.8 миң тонна тоют даярдалган

16.12.2019, 17:00 Акчабар
Айыл чарба министрлиги: 11 ай ичинде 37.8 миң тонна тоют даярдалган

2019-жылдын 1-декабрына жалпы Республика боюнча 3787360 тонна тоют даярдалган, 2018-жылга салыштырганда 177752 тоннага көп, анын ичинен: чөп – 2996870 тонна 2018-жылы болсо 2907060 тонна даярдалган, өткөн жылга салыштырганда 2019-жылы чөп 89810 тоннага көп болду.  Саман 636735т. даярдалган, өткөн жылга салыштырганда 74706 тоннага көп же болбосо 13,3% пайызга жогору. Бул тууралуу КР Айыл чарба, тамак - аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги билдирди.  

         - Чүй облусунда бардыгы 1009160 тонна тоют даярдалды, бул көрсөткүч  өткөн жылга караганда 49546 тоннага көп.

        -  Ош облусу боюнча 2019-жылы 658656 тонна тоют даярдалган, ал эми 2018-жылы  636684 тонна тоют камдалган. Бул 21972 тоннага көп, өткөн жылдын деңгээлинен 3,5% жогору.

         - Жалал-Абад облусу боюнча 2019-жылдын 1-декабрына карата 886043тонна тоют даярдалган,  өткөн жылга караганда 49974 тоннага көп, анын ичинен чөп – 681929 тонна өткөн жылга караганда 34716 тоннага көп же 5,4%  жогору. Саман – 114900 т. даярдалган, ал эми 2018-жылы  106432 т. 2019-жылы 8,0%  көп даярдалды.

         - Баткен облусу боюнча бардыгы 129877 тонна тоют даярдалган, өткөн жылга караганда 1673 тоннага көп, анын ичинен чөп 98828 тонна даярдалды, 2018-жылга караганда 1,5% же 1443 тоннага жогору.

         Тоют даярдоо аяктады. Фермер чарбаларында жүгөрү, арпа, буудайды кайра иштетүү жүрүп жатат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу