Жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 2,4 млрд сом насыя берилди

29.05.2020, 12:40 Акчабар
Жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 2,4 млрд сом насыя берилди

Жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 2,4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

 

Анын айтымында, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору» 2013-жылдан бери иштеп келет. Андан бери айыл чарба багытында иштеген 90 миңден ашык жаранга 34 млрд 512 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

«Быйыл жылы «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча бүгүнкү күнгө карата 5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилип, алын суммасы 2 млрд 400 млн сомду түздү», - деди ал.

Тэги: Айыл чарбасын каржылоо-8 долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу