Кытайдын Alibaba компаниясы АКШда өзүнүн продукцияларын сатуучу интернет-аянтчасын ачыты. Бул тууралуу Alizila сайтында жарыяланып, vc.ru басылмасы жар салып чыкты.
Буга чейин америкалык чакан жана орто бизнес кытай товарын платформада гана сатып алчу. Эми Alibaba товарларды бүт дүйнө боюнча сатууну баштайт. Кытай компаниясы b2b- соодасын жүргүзүп, анын көлөмү $24 трлн жетет ( мындай маалыматты АКШ соода борбору жарыялаган).
Alibaba товарды сатуу үчүн америкалык компаниялар мүчө акысын төлөп, анын суммасы $2 миң төлөп, андан сырткары рекламалык жана маркетинг чыгашаларын дагы жабышарын Reuters билдирет.
Alibaba аркылуу алгачкы соодага чыккан америкалык компания бул жашылча жемиш саткан Robinson Fresh жана Office Depot кеңсе товарын саткан компаниялар болгонун Bloomberg билдирет.
Alibaba компаниясы Джек Ма тарабынан 1999-жылы негизделген. 2019-жылдын июль айына карата бул электрондук соода сатык аянтчасын 10 млн активдүү сатып алуучулар пайдаланып, анын үчтөн бири АКШ да жашашат. Бул компанияда 150 миң сатуучу иштеп, анын 95% Кытайда туруп, интернет аркылуу иш жүргүзөт деп белгилейт Reuters.