«Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн формасы өзгөрдү

28.05.2020, 09:00 Акчабар
«Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн формасы өзгөрдү

Артыкчылык аттестаты үчүн талапкерлердин билимин баалоочу «Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн формасы өзгөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Негизги жагдайларга токтололу:

1. «Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясы качан жана кайда өтөт?

Тест болжолдуу түрдө 12-июндан 19-июнга чейин бекитилген графикке ылайык облустук борборлордо өткөрүлөт.

2. «Алтын тамга» аттестациясына талапкерди тандоонун критерийлери кандай?

• Талапкер окуу программасын ийгиликтүү өздөштүргөн;
• 10- жана 11-класстар үчүн бардык окутуу дисциплиналары боюнча чейректик, жарым жылдык жана жылдык баасы «5» (эң жакшы) болгон.

Талапкерге педагогикалык кеңештин сунушу жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде катышууга уруксат берилет. Быйыл артыкчылык аттестатына 1420 бүтүрүүчү талапкер болууда.

3. Тест тапшырууга кайсы документтер менен келүү керек?

Талапкер тест тапшыруу жайына
катышуу баракчасын; паспортун (же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн); мектептен берилген маалымкатты (сүрөтү менен тастыкталган) алып келиши шарт.

4.Тестке кайсы предметтер киргизилген? ⠀

Тест 4 предмет боюнча өткөрүлөт:
1. Кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде);
Орус тили жана орус адабияты (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде);
Өзбек тили жана өзбек адабияты (окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде );
2. Алгебра жана анализдин башталышы;
3. Кыргызстандын тарыхы;
4. Химия.

5. Тест кандай формада тапшырылат?

Талапкерлер тестти планшет аркылуу атайын программанын жардамында тапшырат. Бул быйылкы өзгөчөлүк. Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылат.

6. Тестке канча убакыт берилет?

Математика менен химияга 60 мүнөттөн, Кыргызстан тарыхы менен эне тили жана адабияты сабактарына 45 мүнөттөн убакыт берилет. Жалпы - 3 саат 30 мүнөт.

7.Тесттин жыйынтыгы качан чыгарылат?

Жыйынтык тест тапшырылгандан кийин дароо берилет. «Алтын тамга» тестинин протоколдору тест өткөн билим берүү уюмунун мөөрү менен тастыкталат.

8.Канча упай талапкердин артыкчылык аттестатына татыктуу экендигинин далили боло алат?

Тесттин жыйынтыктары тесттик баллдарды беш баллдык баалоо тутумуна төмөнкүдөй тартипте которулуп берилет:

▪️эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 75%дан кем эмес алса, «тастыктады» эскертүүсү менен «эң жакшы» баасы коюлат;
▪️эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 60%дан 74%га чейин алса, «тастыктаган жок» эскертүүсү менен «жакшы» баасы коюлат;
▪️эгер талапкер сабактан тест менен аныкталган баллдардын жалпы санынын 50%дан 59%га чейин алса, «тастыктаган жок» эскертүүсү менен «канааттандырарлык» баасы коюлат.

9. Талапкер жыйынтыкка макул болбосо, эмне кылат?

«Алтын тамга» тестинен ɵткɵн талапкерлердин билимин баалоодо бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн техникалык комиссия (ТК) түзүлɵт. Анын төрагасы жана курамы Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилет.

Апелляция талапкердин ошол комиссияга жазылган арызынын негизинде график боюнча жүргүзүлɵт. Көңүл бура турчу жагдай - арыз тест өткөрүлгөндөн кийинки 1 саат аралыгында жеринде жазылышы керек.

Тэги: Алтын тамга аттестация форма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу