Аскар Салымбеков этти кайра иштетүүчү эки комбинат курат

28.01.2020, 15:00 Акчабар
Аскар Салымбеков этти кайра иштетүүчү эки комбинат курат

Кыргызстанда этти кайра иштеткен логистикалык борборлор ачылат. Учурда мунун үстүндө иш жүрүп жатканын меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков «Марал» радиосуна маек берип жатып билдирди. Ал Кыргызстанда эт көп болгону менен кайра иштетүү жагы алсыз экенин белгилеп, өлкө боюнча 2 жерге эт комбинаты курула турганын айтты.

«Сүт тармагын Орусия менен Казакстандын ишкерлери ээлеп коюптур. Эт тармагында биз чоң өндүрүштүк деңгээлге чыга элекпиз. Ошого бул тармакты колго алып, этти кайра иштетүүнү пландап жатабыз. Ал комбинаттар үчүн чоң сырьё керек, эт багытындагы мал керек. Бирок бизде андай мал жок экен. Бизде селекция деген маселе артта калыптыр. Карап көрсөңөр, биздин малдар же сүт багытында эмес, же эт багытында эмес. Орто жолдо калып, жапайыдай болуп калган. Ошол үчүн биз атайын концепция түзүп чыктык. Алгач Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облусундагыларды Балыкчыда ачыла турган эт комбинатына чогултабыз. Чүйдө ангус деген эт багытындагы уйдун породасы бар. Ысык-Көлдө 1200 фермер ошондой түрдөгү уйларды бага баштаптыр. Ушул тармакты тандап, эми ички рынокту өзүбүз камсыздаганга аракет жасайбыз» - деп билдирди Салымбеков. 

Андан ашканын Кытайга жана Орусияга экспорттоо пландалганын кошумчалады. Учурда Кыргызстандын эттери Катар, Бириккен Араб эмираттары жана Иранга учак аркылуу ташыларын, ал эми Кыргызстанга Кытайдан, Орусиядан эттер ташылып келип жатканын белгиледи.

Курула турган комбинаттар тууралуу концепция Өкмөткө, президентке да жөнөтүлгөн. Балыкчыдагы комбинат ушул жылдын июнь айында ишке кирери пландалууда. Андан кийин өлкөнүн түштүк аймагында да 1 комбинат ачылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тэги: Аскар Салымбеков этти кайра иштетүүчү комбинат эт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу