Асрандиев: бюджеттин киреше бөлүгү 2,2 млрд сомго көбөйгөн

25.05.2020, 09:30 Акчабар
Асрандиев: бюджеттин киреше бөлүгү 2,2 млрд сомго көбөйгөн

Эсептөө палатасы жана  Жогорку Кеңештин сунуштарын эске алуу менен бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 2,2 млрд сомго көбөйгөн, башкача айтканда, киреше бөлүгүнүн болжолдуу жоготуулары кыскарган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде билдирди. 

 

 

«Ошондой эле, бир нече чыгымдар баштапкы түрдө кайра улантылды. Мисалы, жергиликтүү коомдоштуктардын трансферттерине байланыштуу чыгашалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 1 млрд сом өлчөмүндөгү которуулар. Ошондой эле мугалимдердин эмгек акысын төлөп берүү үчүн Бишкек мэриясына 744 млн сом бюджеттик ссуда берүү каралган.
Гемодиализ үчүн ММКФ линиясы боюнча чыгымдар калыбына келтирилип, спорт боюнча мамлекеттик комитет линиясы боюнча чыгымдар жарым-жартылай калыбына келтирилген - бул спортсмендердин эл аралык мелдештерге катышуусу жана алдыңкы Олимпиадага лицензияларды алуу менен Кыргызстанды эл аралык аренага алып чыгуу», — деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
 

 

 

Анын айтымында, бюджеттин болжолдуу тартыштыгы олуттуу көлөмдө калууда. Бул тартыштыкты жабуу үчүн тышкы жардамдар тартылган, бирок, тышкы жардам менен гана чектелбестен, ички камдар дагы каралууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу