Асрандиев: Медициналык коргонуучу каражаттар дүйнө жүзү боюнча жетишсиз

26.03.2020, 16:15 Акчабар
Асрандиев: Медициналык коргонуучу каражаттар дүйнө жүзү боюнча жетишсиз

Медициналык беткап жана медициналык коргонуучу каражаттардын бардыгы тең дүйнө жүзүндө дефицит болуп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди. 

«Медициналык беткап жана медициналык коргонуучу каражаттардын бардыгы тең бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө дефицит болуп атат. Медициналык каражаттарды өндүрүучү сыръё дагы дүйнө жүзү боюнча жетишсиз болуп атат. Бул бир гана Кыргызстандагы маселе эмес. Учурда Америкада дага ымедициналык беткаптын тартышытыг күч» - , деп айтты Эркин Асрандиев. 

Республикалык штаб өзгөчө абал бир айдан ашык убакытка созулуп кетсе, мындан аркы иш-аракеттер кандай болот деген суроонун үстүндө иштеп жатат. 

«Эгерде абал бир айдан ашык убакытка узарып кетсе, калктын социалдык аялуу катмарына биринчи медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча план түзүп жататбыз» - , деп кошумчалады вице-премьер-министр. 

Эске сала кетсек, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб КР өкмөтү тарабынан түзүлгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу