Ысык-Көлдө лабораторияга 217 миң сомго даараткана салынган

06.09.2019, 16:58 Акчабар
Ысык-Көлдө лабораторияга 217 миң сомго даараткана салынган

Ысык-Көл  областынын Түп районундагы өсүмдүктөр лабораториясын капиталдык ремонттон өткөрүшкөн. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты. ​ 

Лабораториянын жетекчиси, Нурлан Токтобековдун айтымында оңдоп-түзөө иштери 2 жыл мурун аяктаган. Бирок, ага карабастан учурда имараттын ичи көгөрүп кеткен. 

Оңдоп-түзөө иштерине 4 млн. 606 миң сом кеткенин Токтобеков кошумчалады. 

«Тендерди 2016 – жылдын октябрь айында өткөрүшкөн. Аны “Аян-Курулуш” деген курулуш компаниясы жеңип алган. Оңдоп-түзөө иштери 2017-жылдын май айында аяктаган. Курулуш иштери сапатсыз жасалгандыктан, кээ бир бөлмөлөр көгөрүп кеткен, кышкысын жылуулук системасы бат-баттан токтоп калат. Ал эми даараткана көчөдө тургузулган, аны салууга 217 миң 433 сом кеткен. Андай дааратканалар 3-4 миң сом турат. Биз  бул ишти кабыл алууда кол койгон эмеспиз, учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери журүп жатат. Азырынча курулуш компаниясы менен байланыш болбой жатат.» – деп билдирди. 

 

Тэги: даараткана Акчабар Ысык-Көл Аян-Курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу