Үстүбүздөгү жылдын алты айында республикалык бюджетке мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 5 миллиард 52,04 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.
Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу аркылуу - 991,34 миллион сом болгон.
Бюджеттин көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруудан келип түшкөн, тактап айтканда, 4 миллиард 60,7 миллион сом.