Баатырбеков: Портативдик рентген аппараттарын алып келүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл

18.07.2020, 15:25 Акчабар
Баатырбеков: Портативдик рентген аппараттарын алып келүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл

Өлкөгө медициналык жабдууларды жана портативдик рентген аппараттарын алып келүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди,- деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

 

«Эл аралык уюмдар, мамлекеттик сатып алуу аркылуу медициналык жабдууларды жана портативдик рентген аппараттарын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү зарыл. Ошондой эле мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселесин карап чыгып, сунуштарыңарды берсеңер», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Алмазбек Баатырбеков коронавирус инфекциясын жугузуп алган жана өпкөсү сезген бейтаптарды дарылоо процессине катышып жаткан медицина кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү үчүн витаминдерди берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалар менен күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши, медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо маселелери, өлкө аймактарындагы абал талкууланды.

Отурумдун соңунда Алмазбек Баатырбеков Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө бейтаптар үчүн дагы кошумча орундарды даярдоону күчөтүү, стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик сатып алуулар жана гуманитардык жардам аркылуу келип жаткан медициналык каражаттарды республиканын аймактарындагы оооруканаларга бөлүштүрүлүшүн көзөмөлгө алууну күчөтүү милдеттендирилди.

Тэги: Баатырбеков Алмазбек Баатырбеков Портативдик рентген аппарат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу