Бажы биримдигиндеги биздин укуктарды кайрадан карап чыгуу абзел

05.06.2020, 15:30 Акчабар
Бажы биримдигиндеги биздин укуктарды кайрадан карап чыгуу абзел

Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңеште бир катар мыйзам долбоорлору боюнча өтүп жаткан парламенттик угуу маалында Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмиль Токтошев билдирди.

 

Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө түшкөн каражаттардын 75%ын ишкерлер толуктап турарын айткан депутат Эмиль Токтошев: «Бажы биримдигинде иш жүргүзгөнүбүз менен анын экономикалык таасири билинбей жатат. Андыктан, бажы биримдигиндеги биздин укуктарды кайрадан карап чыгуу абзел. Буга Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы учурда болуп жаткан көйгөй анык далил. Экинчиден, АКШ долларынын кунунун өсүшү ишкерлердин ишине тоскоолдук жаратууда. Мунун үстүндө да Улуттук банк пландуу жумуштарды аткарышы шарт. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продукциябыздын көлөмүнө салыштырганыбызда 55,1% болгону менен аларды тейлөөгө керектүү каражаттардын жетишсиздиги жана алынган карыздардын максатсыз пайдаланылгандыгы инвестициялык программаларды ишке ашырууга кедергисин тийгизип келет», – деди.

Бул үчүн Өкмөт өлкөнүн каржылык абалын жакшыртууга багытталган алгылыктуу аракеттерди көрүшү керектигин айткан Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы: «Улуттук экономикада оңдуу өзгөрүүлөр жокко эсе. Каатчылыкка каршы кабыл алынган программада да кемчиликтер бар. Ушул жагдайга ылайык парламент депутаттары экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай багытталган бир катар мыйзам долбоорлору сунушталып жатат»,– деп кошумчалады.

 

Тэги: бажы биримдиги укуктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу