«Бай Түшүм» – Банкирлердин 2019-жайкы мектебине бүтүрүүчүлөрдү кабыл алат

24.04.2019, 14:12 Өнөктөштүк макаласы
«Бай Түшүм» – Банкирлердин 2019-жайкы мектебине бүтүрүүчүлөрдү кабыл алат

«Бай Түшүм» банкы  2019-жылдагы банкирлердин жайкы мектебине  колледж менен ЖОЖ бүткөн студенттерди кабыл алат. Быйылкы жайда эки жолу мектеке кабыл алуу уюштурулат

Биринчи окуу Бишкекте  17-июндан  12 июлга чейин, экинчи окуу Ошто  8-июлдан 2-августка чейин уюштурулат. Ар бир окууда эки апта лекция, банк иштери боюнча бат ачаарлар, мастер-класстар бай тажрыйбалуу банк кызматкерлеринен билим алышат. Эки апта аралыгында катышуучулар кадимки банк кызматкеринин ролунда болуп,  иштеп көрүшөт. Катышуучулардын арасынан мыктысы  тандалып, «Бай Түшүм» банкынын бөлүмдөрүндө ишке алынат.

2019-жылкы банкирлердин жайкы окуусунда атайын банктык программаларды өздөштүрүп, сатуунун негиздери, насыялоо, коммуникация чеьерчилиги, кардар менен иштөө сыяктуу көп нерсеге үйрөнүшөт. Мындан тышкары, оууга келген студенттерди тренерлер командасынан жагымдуу долбоорлор күтөт.  Ар бир катышуучунун потенциалын ачып, өзүн көрсөтүүгө шарт түзүлөт. 

Мектепте окуу бекер. Бирок, ага сыноо жогоруу. Ошондуктан, катышууну каалагандар убакытка уттурбай резюмелерин: baitushum@baitushum.kg  «Банкирдин жайкы окуусу. Бишкек»же «Банкирдин жайкы окуусу. Ош» деген белгилери менен жөнөтүүгө тийиш.

Биз  кайсыл багыттагы адистикке ээ болгонуна карабай  колледж  менен ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрун күтөбүз. Болгону, жаңы нерсе үрөнүүгө, татаалдыктан коркпогон,карьера жасоо үчүн алдыга умтулган  мыкты жаштарды күтөбүз. Мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербегиле!

Тэги: Бай Тушум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу