Лейлек: селдин кесепетинен 69 млн сом зыян келтирилди

04.05.2020, 09:17 Акчабар
Лейлек: селдин кесепетинен 69 млн сом зыян келтирилди

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Исфана шаарындагы, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы суу каптаган бир нече объектти кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
 

Ал селдин кесепетинен зыянга учураган турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көрүп чыккан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 млн сомду түзөт.

Мадумаров тиешелүү органдарга жарандарга жардам көрсөтүү, селдин кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды берген.

Жергиликтүү бийликке турак үйдү камсыздандыруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылган.

Тэги: Баткен Лейлек сел

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу