Баткенге бир катар чектөөлөр киргизилди

09.07.2020, 13:30 Акчабар
Баткенге бир катар чектөөлөр киргизилди

Баткенде COVID-19 жана пневмонияга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, кечээ облуктук штабдын отуруму өтүп, бир катар чектөөлөр киргизилди. Алар:

• 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарлары жана башка облустар ортосундагы коомдук транспорттордун жана такси кызматынын каттамы токтотулат;

• Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүп, жарандардын жүйөлүү себептерсиз посттон өтүүгө тыюу салынат;

• Азык-түлүк, курулуш жана башка материалдарды ташыган жүк ташуучу унаалардын облуска кирүүгө, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө чектөө коюлбайт. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматкерлери текшерет. Ошондой эле бул унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салынат;

• Жаратылышка эс алууга чыгууга уруксат берилбейт;

• Тыюу салынган той-аш, мааракелерди өткөргөндөргө катуу чара көрүү боюнча чечим кабыл алынды;

• Мал базарлар ишемби күнү гана иштейт.

«Ал эми башка аймактарга дарыланууга муктаж болгондор дарыгердин жолдомосу менен гана облустан чыга алат», - дейт ал.

Тэги: Баткен пневмония

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу