Баткендеги 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

28.08.2020, 13:50 Акчабар
Баткендеги 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

Баткен облусунда 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. 

 

Маалыматка ылайык, «Кыргызстандагы инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Баткен областынын 22 орто мектептеринде Илимбокс – санариптик китепканасы орнотулду. Бул долбоор Европалык Биримдик тарабынан каржыланды.

«Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды интернети жок колдонууга болот. Китепканадан англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөмчүлүк жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрүүгө болот. Балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да камтылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде санариптик китептердин, аудио жана видео лекциялары, ОРТ жана PISA тесттери китепкананын санариптик энциклопедиясында жайгашкан. Ал 500дөн ашык кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулуучу китептерди, 300дөн ашык педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөмчүлүк боюнча китептерди камтыйт.

Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу байланыша алат.

Баткенде аталган китепкананын презентациясы өтүп, ага мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү борборлорунун кызматкерлери катышты.

Тэги: Баткен электрондук китепкана электрондук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу