Базарлар күн сайын 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт

01.07.2020, 17:00 Акчабар
Базарлар күн сайын 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт

Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүн COVID-19 инфекциясынан улам шаардык мэриянын буйругу чыкты. Ага ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:

• Коомдук унаалардын иштөөсү эртең менеки саат 07:00дөн 10:00гө чейин иштеп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин тыным алышат. Андан кийин 17:00дөн кечки 21:00гө чейин иштешет. Ишемби жана жекшемби күндөрү каттамга чыгышпайт;

• Кафе, ресторан жана коомдук тамактануу жайлары 08:00дөн 20:00гө чейин иштөөсүнө уруксат берилет;

• Супермаркет, соода түйүндөрү 07:00дөн 19:00гө чейин иштөөсү керек;

• Базарлар күн сайын 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Төмөнкү ишмердүүлүккө тыюу салынат:

• Велосипедди ижарага берүүчү жайлар, балдар аянтчалар жана батут, уруксатсыз соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү;

• Тойкана, түнкү клуб, бар, караоке клубдары жана башка көңүл ачуучу жайлар, (кардарлардын санына карабастан). “Түндүкэлектр” жана “Бишкексууканал” ишканасына карантин режимин бузгандыгы үчүн электр жана сууну өчүрүү сунуш кылынат;

• Балдар үчүн көңүл ачуучу жайлар: футбол жана оюн аянтчалар;

 

«Мэрия жарандардын массалык топтолгон жана эс алуу жерлерине барууну чектейт. Текшерүү иштери күчөтүлөт. Санитардык нормаларды сактабаган объектилерге айыппулдар эскертүүсүз салынат», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5735 учур катталды. Алардын ичинен 879у медицина кызматкери. Илдеттен 2443 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Тэги: базар чектөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу